• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕАЭБ өлкөлөрүндө «Евразиялык санариптик платформалар» инновациялык долбоорлор сынагы жарыяланды

Өкмөт 0

Бишкек, 08.05.18 /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) тарабынан уюштурулган «Евразиялык санариптик платформалар» инновациялык долбоорлор сынагы жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалымдалгандай, сынактын негизги максаты ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык тутумунун функционалдык мүмкүндүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берген демилгелерди издөө, ошондой эле ЕАЭБ Санариптик күн тартиби менен бекитилген артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу болуп саналат.

Сынак төмөнкү төрт номинацияда өткөрүлүүдө:

1. «ЕАЭБ Санариптик келечеги» – жаш иштеп чыгуучулар үчүн (стартап).

2. «ЕАЭБ Санариптик күн тартибин ишке ашыруу үчүн мыкты технологиялык чечимдер» – програмалык камсыздоо, вендор, интегратор иштеп чыгуучу ири компаниялар үчүн.

3. «ЕАЭБ мыкты санариптик долбоорлору» – ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин бизнеси маанилүү санариптик трансформациядан өткөн, жана башка уюмдар үчүн ийгиликтүү тажрыйбанын мисалы болчу компаниялары үчүн.

4. «ЕАЭБ Санариптик күн тартиби темасына балдар жана өспүрүмдөр үчүн мыкты оюн» – ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн мамлекет аралык өз-ара аракеттешүүсүн жана экономикасын өнүктүрүү тенденциясын жайылтуучу ЕАЭБ жана санариптик экономика темасына арналган балдар жана өспүрүмдөр үчүн оюн иштеп чыгуучулар үчүн.

Сынак катышуучуларынын эмгектери ЕАЭБ Санариптик күн тартибин ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттарын эске алуусу керек.

Белгилей кетчү нерсе,сынак эксперттери жана калыстары төмөнкү талаптарга дал келген долбоорлорго артыкчылык берет:

– Сынактын максат-милдеттерине, ЕАЭБ Санариптик күн тартибинин артыкчылыктуу багыттарына дал келүүсү;

– коомдун санариптик ыкмага өтүүгө карай оңдуу таасири;

– тармактардын санариптик трансформацияланышына таасири, товар (тейлөө) өндүрүүдө убакыт жана ресурстук чыгымдарды кыскартуу, чыгымдарды жана тобокелдиктерди кыскартуу, товарлардын (тейлөө) жеткиликтүүлүгүн түзүү;

– долбоордун масштабдуулугу, адаптацияланышы, универсалдуулугу, анын инновациялык мүмкүнчүлүгү;

– долбоордун иштелип чыгуу даражасы жана деталдуулугу, аны ишке ашырууга компетенциянын болуусу.

Тандоо турунун жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин ар биринде жарым финалга ар бир номинация боюнча 3төн долбоор, башкача айтканда жалпысынан 12 долбоор чыгат. Тактап айтканда, Кыргызстанда Сынактын жарым финалы 2018-жылдын 21-июлунда «Ысык-Көл-2018» экономикалык форумунун аянтында өтөт.

Аталган сынакка катышууну каалагандар http://contest.eaeunion.org/ сайтында каттала алат.

Кошумча маалыматтар боюнча КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине төмөнкү телефон аркылуу кайрылсаңыздар болот: 60-50-46.

Сынактын финалы «Евразия жумалыгы – 2018» форумунда (2018-жылдын 24–26-октябры, Ереван шаары, Армения Республикасы) өтөт. Финалда бетачарлар менен 20 долбоор сунушталат – ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин ар биринен ар бир номинацияга бирден долбоор көрсөтүлөт. Кийинки күнү Финал жеңүүчүлөрү «Евразия жумалыгы – 2018» форумунун кеңири аудиториясы алдында өз долбоорлорун тартууламакчы.

Пикир

Оставить комментарий