• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕАЭБ макулдашуусунун алкагында пенсиялар чектелүүдө

ЕАЭБ 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. 2022-жылы Россия тарабынан Кыргызстандын 1 жаранына (багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу) пенсия дайындалган. Мындай чечим Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуусунун алкагында кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, бул макулдашуунун алкагында 2022-жылдын январь-октябрь айларында 18 жаранга, анын ичинен Россиянын 15 жаранына, Казакстандын 2 жаранына пенсия чектелген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттери менен биргеликте Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан иштелип чыккан 2019-жылдын 20-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген.

Документке ылайык, ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарды түзүлөп жаткан же түзүлгөн Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий