• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЕАЭБ мамлекеттерине айыл чарба өсүмдүк продукцияларын жеткирүү боюнча эскертме

Экономика 0

Бишкек, 15.09.17 /Кабар/. Акыркы мезгилде ата мекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандан чыккан айыл чарба өсүмдүк продукциялары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин текшерүүчү жана контролдоочу органдары тарабынан зарыл болгон коштоочу документтеринин, тиешелүү маркалоосунун, таңгактоонун жана продукциянын талапка жооп бербеген себептери боюнча кайра артка кайтарылып жаткан фактылар белгиленген. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги кайра иштетилбеген айыл чарба өсүмдүк продукцияларын жеткирүүдө ЕАЭБдин ченемдерине шайкеш келүү үчүн карата коюла турган талаптардын тизмесин, жана зарыл болгон документтерди алуу кайрыла турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесин келтирет.

КР Экономика министрлигинин маалыматында, айыл чарба өсүмдүк продукцияларын жеткирүүчүлөр төмөнкүдөй талаптарды сактоого тийиш:

- продукциянын ар бир партиясына (транспорт каражатынын бирдигине) фитосанитардык сертификаттын болушу ;

- 2016-жылдын 15-ноябрындагы №154 ЕЭКтин Коллегиясынын чечими менен бекитилген бирдиктүү форма боюнча ЕАЭБдин техникалык регламенттерине продукциянын шайкеш келүүсү жөнүндө катталган декларациянын болуусу;

- жеткириле турган продукцияны ЕАЭбдин техникалык регламенттерине шайкеш таңгактоо жана маркалоо;

- продукциянын партиясына даярдоочуну жана кийинки ээлерин, ошондой эле турган (өндүрүлгөн, даярдалган) жерин аныктоого мүмкүндүк бере турган жана байкоодо болуусун камсыз кыла турган товар коштоочу документ;

Ошондой эле эгерде айыл чарба продукциясы тиешелүү керектөөчү таңгактоосуз, тамак аш продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары жеткирилип жаткан болсо, жеткирүүчүлөрдө тиешелүү өсүмдүктү өстүрүүдө пестициддердин колдонулуусу жөнүндө, өндүргөн жайлардын бул чийки затты сактоочу идиштерди зыянкечтерден жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ооруларынан сактоо максатында фумигациялоо жөнүндө маалымат болууга тийиш.

Фитосанитардык сертификат

Маалымат үчүн:

Фитосанитардык сертификат – карантиндеги продукцияларды коштоп жүрүүчү, Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык конвенция тарабынан 1951-жылдын 6-декабрында белгиленген форма боюнча ыйгарым укуктуу орган берүүчү жана карантиндеги продукция фитосанитардык талаптарга шайкеш экендигин күбөлөндүрүүчү эл аралык үлгүдөгү документ.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык фитосанитардык жогорку тобокелдикке кирген (карантинге алынган жүктөр, карантинге алына турган материалдар, карантинге алына турган товарлар) карантинге алына турган продукциялардын тобуна кирүүчү карантиндик продукциялардын тизмесине ылайык айыл чарба өсүмдүк продукциясынын ар бир партиясы бир мүчө мамлекеттин аймагынан башка мүчө мамлекеттин аймагына фитосанитардык сертификаттын коштоосунда ташылат. Жогорку фитосанитардык тобокелдикке кирүүчү карантинге алына турган (карантинге алынган жүктөр, карантинге алына турган материалдар, карантинге алына турган товарлар) продукциянын тизмеси 1-тиркемеде келтирилген.

Айыл чарба продукцияларынын шайкештиги жөнүндө декларация

Кыргыз Республикасында фитосанитардык сертификациялоону Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан ишке ашырылат. Фитосанитардык сертификат алуу үчүн Өсүмдүктөр карантини департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу керек. Кыргыз Республикасында фитосанитардык сертификатты алуу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №376 токтому менен бекитилген, Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жободо аныкталган.

Айыл чарба продукцияларын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жеткирүү үчүн ишкерлер ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларация толтурушат. ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларация даярдоочу (ыйгарым укуктуу даярдоочу жак, сатуучу) тарабынан ЕЭК Коллегиясынын 2016-жылдын 15-ноябрындагы №154 Чечими менен бекитилген бирдиктүү форма боюнча колдонулат. Бул декларация Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүмдөрүндө же ЕАЭБдин сертификациялоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын Бирдиктүү реестрине киргизилген, сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдарында (акысыз) милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

Зарыл болгон сыноолорду жүргүзүү ЕАЭБдин сертификациялоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын Бирдиктүү реестрине киргизилген, аккредиттелген лабораторияларда гана мүмкүн болот. Кыргыз Республикасы үчүн аккредиттелген сыноо лабораториялардын жана сертификациялоо органдарынын реестрин Евразия экономикалык комиссиясынын сайтынан кароого болот.

Айыл чарба продукцияларын таңгактоо жана маркалоо

Жеткирилүүдөгү айыл чарба продукциялары “Тамак-аш продукцияларын маркалоо бөлүгүндө” (БС ТР 022/2011), “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 005/2011) техникалык регламенттерине ылайык таңгакталууга жана маркаланууга тийиш. Өсүмдүк продукцияларын таңгаксыз жана маркасын жеткирүүгө жол берилбейт.

Байкоого алууну камсыздоочу товарды коштоочу документтер

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерине өсүүчү айыл чарба продукциясын жеткирүү үчүн шайкештикти баалоо декларациясынан, фитосанитардык сертификаттан тышкары «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» Бажы бирлигинин техникалык регламентинин 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ушул продукцияны байкоого алууну камсыз кылуучу товар коштоочу документтердин бар болушу зарыл. Техникалык регламент товарды коштоочу документтердин так тизмесин камтыбайт. Бул салыштырууда жеткирүүлөрдүн хронологиясын эсепке алуу менен продукциянын менчик ээсин жана анын келип чыккан (өндүрүлгөн, даярдалган) жерин ишенимдүү так аныктоого мүмкүн болгон продукциянын жүк жөнөтүүчү жана жүктү кабыл алуучу жөнүндө маалыматын камтыган транспорттук накладнойлор болушу мүмкүн.

Пестициддерди жана фумигацияларды колдонуу жөнүндө маалымат

Эгерде жеткирилген өсүүчү айыл чарба продукциясын тамак-аш продукциясын өндүрүү үчүн сырьё катары пайдаланыла турган болсо (керектөөчү таңгак жок), жеткирүүчүлөр тиешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүүдө бул сырьёну сактоо үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоо үчүн пестициддерди колдонгондугу, өндүрүштүк жайларды жана бош идиштерди фумигациялоосу жөнүндө документин көрсөтүшү керек (МСФМ №15).

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, эгерде өсүүчү айыл чарба продукциясы ушул талаптарга шайкеш келбей турган болсо же документ толук эмес болсо продукциянын партиясы жеткирүүчүлөргө кайтарылаарын же ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан алынып салынаарын, ал эми жеткирүүчү жактарга администрациялык таасир берүүчү чара көрүлөөрүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий