• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБ техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча иш күчтөндүрүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын аймагында Евразиялык экономикалык биримдиктин техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча жолугушуу болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов белгилегендей, бүгүнкү күндө мамлекеттик органдардын, ишкерлер секторунун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү арасында КР улуттук мыйзам актыларынын ЕАЭБ укугуна кирүүчү актылары менен өз-ара катышы тууралуу пикир келишпестик орун алган.

«Тактап айтканда, бул санитардык жана фитосанитардык чараларды жөнгө салуу жана аны пайдалануу тармагына, ошондой эле республиканын ЕАЭБге катышуусу шартында аталган жааттагы укук чыгаруучулук жана укук пайдалануу маселесине тийиштүү», - деди ал.

С.Муканбетов белгилегендей, бүгүнкү күндө ЕАЭБ 37 техникалык регламенти, ЕАЭБ бирдиктүү санитардык талаптары, ЕАЭБ бирдиктүү ветеринардык талаптары, ЕАЭБ бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптары, ошондой эле санитардык жана фитосанитардык чараларды жөнгө салуу жана пайдалануу жаатындагы ЕЭК башка актылары иштөөдө.

«Буга катар өзгөчө көңүл бурууну талап кылып, чечүүгө муктаж болгон айрым маселелер бар. Алардын катарына ЕАЭБ техникалык регламенттеринин долбоорлорун ички мамлекеттик макулдашуу, КР ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында ЕАЭБ бирдиктүү формасына дал келүүсү тууралуу декларациясын каттоо, ветеринардык-санитардык экспертиза, продукция жана объектилерди тазалоо боюнча талаптар, транспорттук каражаттарды мезгил-мезгили менен кароодон өткөрүү, лабораториялык инфраструктураны модернизациялоо, санитардык жана фитосанитардык чараларды жөнгө салуу жана аны пайдалануунун убактылуу чараларын киргизүү маселелери кирет», - деди вице-премьер-министр.

Талкуу жыйынтыгы боюнча министрликтерге ЕАЭБ техникалык регламенттерин ишке ашыруу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшыруу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий