• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБ товарлардын топторуна бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү жана импорттук жол-жоболорду жеңилдетет

Экономика 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. ЕАЭБ товарлардын топторуна бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү жана импорттук жол-жоболорду жеңилдетет. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тараптардын продукциянын тизмесин кеңейтүү боюнча сунушун жактырды.

Эскерте кетсек, ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы №37 чечимине ылайык, 2022-жылдын 30-сентябрына чейин тизмеге кирген продукция бажы төлөмдөрүнүн нөлдүк ставкасы менен ташылып келет.

"Жаңы тизме маанилүү импорттун кеңири спектрин камтыйт, атап айтканда, тамак-аш азыктары жана аларды өндүрүү үчүн комплекттөөчү буюмдар, таңгактоочу материалдар, химиялык продукциялар, транспорт каражаттарын өндүрүү жана оңдоо үчүн тетиктер", - деп айтылат маалыматта.

Бажы төлөмүнөн бошотулган товарлардын тизмеси менен шилтемеден таанышууга болот: https://docs.eaeunion.org/.../ru-ru/01031483/err_18032022_37.

Айыл чарба министрлиги кошумча маалымат алуу үчүн 312626376, 0557557529 номерлерине кайрылууну эскертет.

Пикир

Оставить комментарий