• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБ өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүдө, бирок мындан ары дагы өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бар

Аналитика 0

Азыркы учурда Евразия биримдиги оор геосаясий абалды эске алганда сыноодон өтүп жатат. Ошондой болсо да эксперттер ал өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн көрсөткөнүн белгилешүүдө. Алыс барбай эле коронавирус пандемиясынын башталышын эске салалы, анда биримдиктин катышуучулары тажрыйбалары менен бөлүшүп, дары-дармек жана тамак-аш жагынан бири-бирине колдоо көрсөтүп турушту.

Азыр биримдиктин ичинде ишке ашырылып жаткан бир топ биргелешкен долбоорлор бар. Анын бары эле экономикалык эмес экенин түшүнүү керек. Эксперттер байланыштарды бекемдөө экономикалык процесстердин жүрүшүндө гана эмес, маданият, каада-салт алмашуу аркылуу да болушу керектигин белгилешет.

Өткөн жумада Бишкек шаарында өткөн Евразиялык экономикалык форумдун жүрүшүндө көптөгөн маселелер талкууланды, анын ичинде биримдиктин келечек пландары дагы бар. Форумдун аянтчасында саясатчылар жана экономисттер гана эмес, маданий ишмерлер дагы жолугушту. Анда биримдик өзүнүн жемишин берип жатканы, бирок мындан ары дагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү бар экени белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев кайрылуусунда биримдик түптөлгөндөн берки бардык чакырыктарга карабай өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

“Өткөн жылдары биз глобалдык өзгөрүүлөргө, анын ичинде коронавирустук пандемияга күбө болдук. Мунун баары ар бир өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына зор таасирин тийгизди. Кырдаалга карабастан ЕАЭБ өзүнүн ишке жарамдуулугун жана ишке жөндөмдүүлүгүн далилдеди. Кыргызстан КР президенти белгилеген төмөнкү багыттарга басым жасоону сунуштайт. Биринчиден, бул 2025-жылга чейинки өнүгүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максатка жетишүү. Экономиканы өнүктүрүүнүн куралдарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу каралган. Дагы бир багыт өнөр жай жана агроөнөр жай секторлорунда кооперацияны өнүктүрүүгө багытталган, бул атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздайт”, - деди Кожошев.

Ал баалардын соккусун азайтуу боюнча саясат жүргүзүүнүн зарылдыгын кошумчалады.

Беларустун премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко белгилегендей, азыркы учурда импортту алмаштыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Беларусь жана Россиянын өндүрүүчүлөрүнүн арасында ар кандай тармактардагы продукцияны алмаштыра ала турган товарларды жеткирүүчүлөр табылды.

“Эң татаал этап – бул ишканаларды түзүү. Белоруссияда иштеп жаткан ишканаларды кайра куруу каралган. Санкциялар зыян гана эмес, союздаштар менен мамилени чыңдоого мүмкүнчүлүк. Санкциялар Россияга эле эмес, ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө да сокку болуп жатат. Батыштын аракети да евразиялык интеграцияны жок кылууга багытталган. Импортту алмаштыруу саясаты бир катар кайталанган өндүрүштөрдү түзүүгө алып келгени баарыбызга маалым. Координацияланган иш кооперацияны тереңдетүүгө жана өндүрүштүн кайталанышын кыскартууга жардам берет. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алууларга катышууга болгон өз ара чектөөлөрдү алып салуу керек”, - деди Петришенко.

Ошондой эле премьер-министрдин орун басары ЕАЭБ азык-түлүк коопсуздугу тармагында глобалдык оюнчу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин кошумчалады.

Россиянын илимдер академиясынын экономика илимдеринин доктору Александр Широв билдиргендей, дүйнөлүк экономика турбуленттүү болушу мүмкүн, бирок негизин аныктаган нерселер бар. Анын айтымында, мындай нерселердин бири демография болуп саналат.

“Биримдикте терс демографиялык тенденцияларга ээ болгон 2 мамлекет бар. Ал эми башка өлкөлөр – оң тенденцияга ээ. Ошендуктан, эмгек менен камсыз кылуунун негизги фактору нейтралдуу болуп саналат. Бул негиз инерциялык экономикалык өсүштүн потенциалын аныктай турганы түшүнүктүү. Кыргызстан жана Казакстанда жакынкы 30 жылда экономикалык өсүү темпи 3-4%га жетиши мүмкүн”, - деп белгиледи Широв.

Ошондой эле ал белгилегендей, биздин экономикада инвестициянын инерциялык түзүмү 7% болгонуна карабастан, бул өтө аз.

“Эгерде биздин өлкөлөрдөгү негизги багыттарды айтсак, алар абдан көп. Бирок биз өлкөлөрүбүздүн орто технологиялык өндүрүш чөйрөсүнө өтүшүнө кепилдик беришибиз керек”, - деп кошумчалады ал.

«Кабар» МАБ


 

Пикир

Оставить комментарий