• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕАЭБ жөнүндө келишимге КР кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 15.123.18 /Кабар/. Президент «2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган.

2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин 8-беренесинин 1-пунктуна ылайык ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын Евразия экономикалык бирлигинин беш мүчө мамлекеттеринин бюджеттеринин ортосунда бөлүштүрүү ченеми Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифтерин колдонгон датадан баштап үч жылдык мөөнөткө белгиленген.

Ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемин колдонуу мезгили 2018-жылдын 12-августунда аяктайт, анткени Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифтерин 2015-жылдын 12-августунан тартып колдоно баштады.

Протоколдо 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимдин 8-беренесинин 1-пунктундагы «Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык союзунун Бирдиктүү бажы тарифтерин колдоно баштаган датадан баштап үч жылдын ичинде» деген сөздөрдү «2019-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мөөнөткө» деген сөздөр менен алмаштыруу аркылуу ташып кирүүгө бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн колдонуудагы ченемдерин узартуу каралууда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий