• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕАЭБде евразиялык бренддер түзүлөт

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.12.18 /Кабар/. Биз көңүлүбүздү евразиялык бренддерди түзө турган жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторунда биздин товарларды өткөрүүгө жардам бере турган глобалдык интеграциялык долбоорлорго бурушубуз керек. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) төрагасы Тигран Саркисян билдирди.

Саркисян белгилегендей, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) түзүлгөндөн бери, жаш уюм болгондугуна карабастан, өзүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун далилдеди. Эмдиги жылы ЕАЭБ өлкөлөрү Биримдик жөнүндө келишимге кол коюлгандыгынын беш жылдыгын белгилешет.

ЕЭКтин баамында өз ара соода өсүп, анын түзүмү жакшырган жана кооперациялык байланыштар бекемдеген.

"Бул бирлик келишиминде каралган негизги принциптерди жүзөгө ашыруу, ЕАЭБ экономикасынын өсүшү үчүн оң натыйжаларды алып келгендиги жөнүндө кабар берет. Комиссия бул натыйжанын потенциалын бир жылда улуттук дүң өнүмүнүн 1%га жакын өсүшү менен баалайт", - деп белгиледи Саркисян.

Бирлик менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө үчүнчү өлкөлөр тарабынан кызыгуунун өсүшү ЕАЭБтин олуттуу ийгилиги болуп саналат. "Бул ал ЕАЭБ интеграциялык бирикме катары максатына жеткендиги туурасында күбөлөндүрөт", - деп эсептейт Саркисян.

Тигран Саркисян ошондой эле евразиялык интеграцияны илгерилетүү үчүн чечүүгө зарыл болгон маселелерди атады. Анын пикири боюнча, алар Бирликтин мейкиндигинде "жетишсиз интеграцияга" байланыштуу. Төрт "эркиндик" принцибин жүзөгө ашырууга жолтоо болгон тоскоолдуктар бар жана аларды четтетүү зарыл. Мындай милдетти ЕЭК алдына мүчө мамлекеттердин башчылары коюшкан.

"Тоскоолдуктар - макулдашылбаган иш-аракеттердин натыйжасы. Ошондуктан мамлекеттер макулдашылган саясаттарды жүргүзүшү керек. Дүйнөлүк экономикадагы протекционизм, өзүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо, соода согуштар сыяктуу тренддер биздин Бирликте болуусу алгылыксыз", - деп баса белгиледи Саркисян.

Мындай макулдашылган саясаттардын негизинде улуттук мыйзамдарды, анын ичинде каржы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды айкалыштыруу жатат. Президенттердин тапшырмасы боюнча катышуучу өлкөлөрдүн улуттук жана борбордук банктар ЕАЭБтин жалпы каржылык рыногунун Концепциясын иштеп чыгышууда.

Пикир

Оставить комментарий