• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБде төрагалык алкагында КРнын негизги милдети интеграцияны тереңдетүу жана тоскоолдуктарды жоюу болгон - Абдыгулов

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшү 2017-жылы калыбына келди. Бул тууралуу “Кырызстандын ЕАЭБде төрагалыгынын жыйынтыктары: Евразия интеграциясынын экономика жана коопсуздук тармагында өнүгүшүнүн жаңы векторлору” тегерек үстөлүндө КРнын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал 2017-жылы Кыргызстан ЕАЭБде төрагалык кылды жана мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев тарабынан артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Абдыгуловдун пикиринде, негизги милдеттердин бири экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана ЕАЭБ өнөктөштөрүнүн өз ара соодасында тоскоолдуктарды жоюу.

“Мындан тышкары артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Биринчиден, бул инвестициялык саясатты активдештирүү. Экинчиден, ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенгендерди жана алардын үй-бүлөлөрүн пенсия менен камсыздоо. Үчүнчүдөн, санариптик мейкиндикти түзүү стратегиясын кабыл алуу, төртүнчүдөн, негизги багыттарды ишке ашыруу жана ЕАЭБде рынокторду жана кызматтарды либералдаштыруу. Бешинчиси, өнөр жай кызматташтыгындагы негизги багыттарды аткаруу, транспорттук саясатты көзөмөлдөө”, - деди ал.

Абдыгулов Кыргызстандын ЕАЭБде мүчөлүгүнүн эки жылында республика союздун толук кандуу мүчөсү болгонун билдирди.

“2017-жылдын 1-жарымы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын деңгээли 3,5%, КРда - 2,8%. Альянстын өлкөлөрүндө экономикалык өсүш калыбына келүүдө, натыйжада товар айлантуу көрсөткүчтөрү жакшырды”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий