• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КРдагы көмүскө экономиканын деӊгээли болжол менен 50%ы түзөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Ушу тапта Кыргызстандагы көмүскө экономиканын деӊгээли болжол менен 40-50 пайызды түзөт. Эгерде товарлар идентификациялоо каражаттары менен маркалана турган болсо, бюджетке 1 млрд. сом көлөмүндө кошумча каражаттын түшүүсү күтүлөт. Баяндамачы бул тууралуу Евразия экономикалык бирлигинин алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Андан тышкары, ЕАЭБ алкагында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо чарасы көмүскө товар жүгүртүү жүрүмүнө мониторинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгууга да өбөлгө түзөрү белгилүү болду.

Экономика министринин орун басары Элдар Алишеровдун айтымында, маркировканын баасы анчалык деле кымбат эмес, анын баасы маркалоо түрүнө жаран түзүлөт. Ошондой эле, товар даярдалгандан баштап жерине жеткирилгенге чейин үчилтик көзөмөлгө алынмакчы.

Депутат Аалы Карашев товарларды маркалоо боюнча эки жылдан бери пилоттук долбоорлор ишке киргизилбей жатканын эске салып, бул өлкөнүн экономикасы үчүн чоӊ тобокелчилик алып келерин белгиледи. Анын пикиринде, товарлар убагында маркаланбай калса, Кыргызстан туӊгуюкка кептелип, социалдык жарылууларга алып келерин, жеӊил өнөр жайы сындуу ири тармактарда жүз миӊдеген адам жумушсуз кала турганын кошумчалады.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева келишимдин мааниси жакшы экенин белгилөө менен бирге, азырынча өлкөнүн жеӊил өнөр жайы буга даяр эмес экенин билдирди.

Экономика министрлигинин өкүлү товарларды маркалоо жүрүмү көп каражатты талап кылгандыктан, буга чейин министрлик тарабынан донорлор изделгенин, ушу тапта БУУӨП менен иштеше баштаганын, жакын-арада пилоттук долбоор ишке киргизиле турганын билдирди. Бул долбоор зергерлер үчүн өтө зарыл, анткени алар өндүргөн товарлардын 90 пайызы контрафакт болуп саналат.

Жыйынтыгында ратификациялык мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий