• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕАЭБде жаштардын демилгесин колдоо фонду түзүлүшү мүмкүн – Мясникович

ЕАЭБ 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигинде жаштардын демилгелерин колдоо боюнча Евразия фонду түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өтүп жаткан КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын “Келечек” форумунун ачылышында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

“Фонддун аймактык бөлүмдөрү болуп, консультациялык, билим берүү жана башка кызматтарды бекер көрсөтүп, жаштардын интеграциялык долбоорлоруна уюштуруучулук жана укуктук колдоо көрсөтсө болмок деп ойлойм”, - деди ал.

Иш-чарага КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы катышты. Ал куттуктоо сөзү менен чыгып, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экенин белгиледи.

“Билим берүү жана коомчулуктун долбоорлору, өзгөчө эл аралык экономика, робототехника жана IT-технологиялар тармагында чыгармачыл жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. КМШнын жана ЕАЭБтин жаштар күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экендиги маанилүү. Бул багытты андан ары диверсификациялоо биздин жаштардын чет мамлекеттер менен, интеграциялык региондук бирикмелер менен байланыштарынын географиясын - Түштүк Америкадан Түштүк-Чыгыш Азияга чейин кеңейтет”, - деди ал.

ЕЭК коллегиясынын төрагасы мамлекет башчылары тарабынан бекитилген евразия экономикалык интеграциясын 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стртегиялык багыттары катары евразия интеграция процесстерине коомчулукту кеңири тартуу каралганын эске салды.

ЕЭК Коллегиясынын Жетекчиси мамлекет башчылары тарабынан бекитилген 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары евразиялык интеграция процесстерине коомчулукту кеңири тартууну караганын эске салды. Мында 30 жашка чейинки жаштар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калкынын бештен бирин түзөт жана биримдиктин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү милдеттерин ишке ашырууда өзүнүн татыктуу ордун табышат.

“Байланыш каналдарын түзүү үчүн биз ЕЭКте жаштардын кайрылууларын ыкчам кароо, жаш ишкерлерди, адистерди жана студенттерди колдоо үчүн “бирдиктүү терезе” түзүүнү пландап жатабыз”, - деди ЕЭК коллегиясынын төрагасы.

Анын айтымында, комиссия эмгек жаштары үчүнкошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө аракет кылат. Өткөн жылы “Чеги жок иш” унификацияланган тутуму иштей баштаган. Бүгүнкү күндө анын маалыматтык базасында 500 миңден ашык бош орун бар.

“Евразия экономикалык биримдигин мындан ары өнүктүрүүнүн багыттарын иштеп чыгууда жаштарга чоң роль берилген. Биримдикти курууга катышуу менен сиздер өзүңүздөр үчүн турмуштук шарттарды түзүп жатасыздар”, - деди Мясникович.

Белгилей кетсек, ушул күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына арналган КМШ жана ЕАЭБдин “Келечек” жаштар форуму өтүп жатат.

Форумга 250дөн ашуун делегаттар – ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, креативдүү жаштардын өкүлдөрү, жаш дипломаттар, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн студенттери катышууда.

Форумдун максаты - биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана евразиялык интеграция идеясын жайылтуу. Форум жаштардын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө, демилгелерди ишке ашырууга, өсүп келе жаткан муундун социалдык жана профессионалдык өзүн-өзү ишке ашыруусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий