• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн премьер-министрлери Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумуна чогулушат

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында 27-июлда Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отуруму болот. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын сайтында кабарланды.

Саммит Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин төрагалыгы алдында өтөт. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү интеграциялык биригинүүн өнүгүү маселелерин жана анын нормативдик-укуктук базасын жашыртууну талкуулашат.

Отурумдун күн тартибине энергетика, транспорт, өнөр жай кооперациясы, бажы кызматташтыгы тармагындагы ич ара аракеттер камтылган. Андан сырткары газдын жалпы рыногун, транзиттин бирдиктүү системасын түзүү маселелери талкууланат.

ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдеги өзгөртүүлөргө даярдыкты талкуулоо пландалууда. Катышуучу өлкөлөрдүн өкмөт башчыларына Евразиялык экономикалык комиссиянын отчёту тартууланат.

Отурумда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумунун датасы жана өтө турган жери белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий