• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБдин алкагында энергетикалык коридорлорду түзүү пландалууда

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигинин алкагында энергетикалык коридорлорду түзүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Евразия экономикалык форумунда “Кыргызстандын улуттук энергетикалык тармактары” ААКтын текшерүү комиссиясынын мүчөсү Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн панелдик сессияда катышуучулар энергетикалык коридорлорду түзүүнү талкуулашты, бул жалпы энергетикалык рынок түзүүнү билдирет.

“Бул барынан мурда энергетикалык ресурстарды консолидациялоо, ага ылайык, энергетикалык коопсуздук маселелерин чечүү”, - деп тактады Айталиев.

Ал кошумчалагандай, учурда энергия өндүрүү, транзит жана энергияны бөлүштүрүү тармагында иш алып барган энергетикалык компаниялар келечекте аталган рынокто эркин соода кылып, андан акча таба алышат.

“Бугүнкү күндө энергетика тармагында жакшы учур болуп жатат, рынок жана ушундай коридорлорду түзүү мүмкүнчулүгүнүн аркасында компаниялар чоң жүк пайда болгон, башкача айтканда элдер жумуштан келип, электр энергиясын колдоно баштаган учурда кошумча кубаттуулукту сунуштай алышат. Бул көйгөйдү 2025-жылга чечебиз деп үмүттөнөм”, - деди Тилек Айталиев.


 

Пикир

Оставить комментарий