• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕАЭБдин бирдиктүү базары электр энергиясынын баасын көзөмөлдөөгө шарт түзөт - Панкратов

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. ЕАЭБдин бирдиктүү базарын түзүү Кыргызстанга электрэнергиясын импорттоодо жана экспорттоодо баасын жөнгө салууга шарт түзөт. Бул тууралуу журналисттерге вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.

“Кыргызстандын масштабдуу гидроэнергетикалык потенциялы бар экенин эске алуу менен, биз аны сатуунун жолдорун кеңейтүүнү ойлонушубуз керек. Биз азыр жабык аймакта тургандыктан, электр энергиясын алар айткан баада сатууга аргасыз болуп жатабыз. Мындан улам электр энергиясын арзан баада сатып жатат деген сын пикирди угуп келебиз”,-дейт Панкратов.

Анын пикиринде, ЕАЭБдин бирдиктүү базары электр энергиясын экспорттоодогу бааны жөнгө салууга шарт түзөт. “Бул биздин электр энергиябыз базарда аныкталган баа менен сатылат дегенди түшүндүрөт. Ал азыр биз сатып жаткан баадан алда канча жогору болот. Айрым учурларда өзүбүз суу ресурсуна муктаж болуп калган учурлар болот. Андайда кыш мезгилинде өзүбүздү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздай албай калабыз. Мындай учурларда биз монополдук жеткирүүчүлөргө муктаж болобуз. Бирок бирдиктүү базар түзүлсө, бул маселе чечилет. Себеби биз электр энергиясын бирдиктүү базар талап кылган минималдык баада сатып алабыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий