• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

ЕАЭБдин энергетика министрлери электр энергиясын сатуу үчүн соода аянттарын тандоону макулдашты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн энергетика министрлери электр энергиясын сатуу үчүн соода аянттарын тандоону макулдашты.

Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Евразия экономикалык форумунун жүрүшүндө катышуучулар энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин жыйынында энергетикалык ресурстардын жалпы рыногунун нормативдук базасын түзүү негизги тема болгонун белгилешти.

Маселелерди талкуулоонун көпчүлүк бөлүгү биримдиктин электр энергиясынын жалпы рыногун түзүү маселесине багытталды.

Ошентип, министрлер Биримдиктин жалпы электр энергиясы рыногунун алкагында электр энергиясын (кубаттуулугун) мамлекеттер аралык берүү кызматтарына жетүү эрежелеринин долбоорунун айрым жөнгө салынбаган жоболорун жана Биримдиктин аталган рынок боюнча өз ара соода жүргүзүү эрежелерин, бекер каттоонун тартибин, ар бир мамлекеттер аралык участокто электр энергиясынын агымынын балансынын четтөөлөрүнүн чоңдугун аныктоочу эки тараптуу келишимдер, ошондой эле электр энергиясынын агымынын балансындагы сааттык четтөөлөрдүн наркын аныктоонун принциптерин талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары келишимдин шарттары боюнча пикир келишпестиктер болгон учурда электр энергиясын мамлекеттер аралык соодалык эмес өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүүнүн шарттарын талкуулашты.

Энергетика министрлеринин жетекчилери соода аянттарын тандоого макулдашышты, аларга мөөнөттүү келишимдер боюнча жана алдыдагы күнгө биримдиктин аталган рыногунун электр энергиясын борборлоштурулган соодасын уюштуруу тапшырылат.

Мөөнөттүү келишимдер боюнча борборлоштурулган сооданы уюштуруу үчүн 3 соода аянты аныкталды: “Электр энергиясынын жана кубаттуулук базарынын казакстандык оператору” (“КОРЭМ” АК), “Санкт-Петербург эл аралык товардык-сырьелук биржасы” жана “Беларустук униерсалдуу товардык бирже”. Алар пландалгандай аталган соода аянттарында бирдиктүү соода сессиясунда бүтүмдөрдү түзүүнү ишке ашырат.

Борборлоштурулган сооданын бир суткага алдын ала оператору катары “Электр энергиясынын дүң рыногунун соода системасынын администратору” ААК дайындалды.

Көрсөтүлгөн соода аянттарынын тандоосун бекитүү жагы кезектеги жыйындын алкагында Евразия экономикалык комиссиясына берилет.

Ошондой эле жыйындын алкагында Биримдикке мүчө мамлекеттердин энергетика тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңешин түзүү зарылчылыгы жана анын иштеши үчүн документтерди уюштуруу макулдашылды.

“Электр энергетикасы тармагындагы адистердин үзгүлтүксүз жана жигердүү иш алып барышынын натыйжасында азыркы учурда Биримдиктин электр энергиясынын жалпы рыногунун иштешинин эрежелеринин долбоору жогорку деңгээлде даяр. Калган пикир келишпестиктерди чечүү аракеттери рынокту өз убагында ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем”, - деди ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Темирбек Асанбеков.

Пикир

Оставить комментарий