• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБдин ичинде Кыргызстан үчүн ветеринардык көзөмөл алынды – өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 06.04.19. /Кабар/. ЕАЭБдин ичинде Кыргызстан үчүн ветеринардык көзөмөл алынды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эң мыкты экспорттоочуларга сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Ереванда бул документке өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган.

“Эми эт азыктарын эч кыйынчылыксыз ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташууга болот. Аны Мамлекеттик ветеринардык инспекция аркылуу жасап, сапаты тууралуу сертификат алууга болот”, - деди ал.

Премьер-министр кошумчалагандай, эми Кыргызстан Бирикменин өлкөлөрүнө эт ташуучу компанияларды өз алдынча реестрге киргизе алат.

Абылгазиев белгилегендей, 2018-жылы өлкөдө экспорт 5%га жогорулап, импорт ошончо көлөмгө төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий