• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЕАЭБдин келишими боюнча кыргыз-казак чек арада текшерүү болбошу керек

Коом 0

Бишкек. 04.04.19 /Кабар/. Учурда кыргыз өкмөтү жана тышкы иштер министри казак тарап менен сүйлөшүп жатат. Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) келишими боюнча кыргыз-казак чек арада текшерүү болбошу керек. Бул тууралуу Экономика министрлигинин соода саясатын жүргүзүү башкармалыгынын жетекчиси Аскат Беков кабарлады.

Министрликтин өкүлү чек арада турган автоунаалардагы товарлардын көбү текстил, бут кийим сыяктуу жалпы керектелүүчү товарлар экенин, ал жакта Түркиянын, Кытайдын жана Кыргызстандын да товарлары бар экенин айтты:

– Ал жерде турган автоунаалардын 90 пайызынан ашыгы транзиттик жүк ташуучу автоунаалар экен. «Айдоочулар өздөрү коркуп кирбей турат» деген Казакстандын маалыматы туура эмес. Ал жакта бир автоунаанын ичиндеги товарлардын баарын сыртка чыгарып жатышат. Бир автоунааны текшерүүгө эле бир саат кетип, ошондуктан кармалып жатат. ЕАЭБдин келишими боюнча ал жерде андай текшерүү болбошу керек. Ал жерде мобилдик топ иштеп, Казакстанга кирген машинелерди тандап эле текшериши керек эле.

Маалыматка ылайык кечээ кечинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери чек арага барып, чатырларды тигип, айдоочуларга ысык тамак берип жатышат. Ал жерде 3-5 күндөн бери турган айдоочулар бар болгондуктан Экономика министрлиги өкмөткө чек арага «Тез жардам» кызматынын автоунааларын да жайгаштырууну сунуш кылууда.

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын 19-мартта башталган.

Пикир

Оставить комментарий