• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕАЭБдин өлкө башчыларынын саммити видеоконференция форматында өтөт — Кожошев

ЕАЭБ 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкө башчыларынын саммити Бишкекте видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу басма сөз жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим акыркы күндөрү кабыл алынды. “Мындай чечимдин кабыл алынышынын себептерин айта албайм”, – деди ал.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин биринчи орун басары белгилегендей, 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келет.

Эскерте кетсек, 27-майда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

Пикир

Оставить комментарий