• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕАЭБдин Улуттук банктары 2025-жылга карата каржы рыногунун бирдиктүү концепциясын түзүшөт

Экономика 0

Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. 2025-жылдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы мекемелери Кыргызстандын рыногуна кирүүсү мүмкүн, андыктан айрым ата мекендик банктарга иштөө кыйын болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жогорку улуттук банкы түзүлөт.

“Өткөн аптада мен Москвада болуп, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын башчылары менен жолугуштум. Анда биримдиктеги өлкөлөрдүн каржы рыногунун концепциясын толук иштеп бүтүрүү маселеси талкууланган. Учурда уставдык капиталга болгон талаптардын ар кандай варианттары жана лицензиялардын өз ара таанылуусу талкууланууда. 2025-жылдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржы мекемелери Кыргызстандын рыногуна кирүүсү мүмкүн, андыктан айрым ата мекендик банктарга иштөө кыйын болот”, - деди ал.

Абдыгулов белгилегендей, бирдиктүү концепцияны кабыл алуу Кыргызстан үчүн оор баскыч болушу мүмкүн болгондуктан, балким өткөөл же жеңилдик керек болот.

“Маселен, эгер бизде банкты ачуу үчүн кеминде 600 млн. сом керектелсе, Арменияда ал 60 млн. еврону түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий