• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ЕАЭБдин видеоконференция форматындагы кезектеги саммитинен фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү шартта ЕАЭБ ичинде товарлардын эркин жүрүүсү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн актуалдуу болуп калганын белгиледи.

Ошондой эле ал Биримдиктин ички бажы аймагындагы тоскоолдуктарды жоюу маселесине көңүл бурду. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын ыйгарым укуктары жетишсиз болгондуктан, тоскоолдуктарды жоюунун учурдагы механизмдери натыйжасыз болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Газ жеткирүүгө тариф коюу маселесине токтолгон Президент эл аралык келишимдердин долбоорун иштеп чыгууда газ жеткирүүгө тарифтерди түзүүдө кайсы өлкөдөн чыкканына карабастан, дискриминациялык эмес мамилелерди камсыз кылууну карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле посткризистик өнүгүүнү эске алуу менен ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикаларын жана бизнесин колдоонун биргелешкен чараларын кабыл алуу боюнча ишти активдештирүүнү сунуштады жана учурдагы оңой эмес мезгилде Биримдиктин башка өлкөлөрдөгү жарандарына колдоо көрсөтүүнүн маанисине токтолду.

Мамлекет башчысы посткризистик мезгилде күтүлүп жаткан терс тенденцияларда түзөтүүлөрдү киргизүү жана актуалдаштырууну эске алуу менен «Евразиялык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары» долбоорун жеткире иштеп чыгуу керектигин айтты.

Президент ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын ролун күчөтүүнү жактап, ички рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу боюнча тапшырмаларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн Комиссиянын жана ЕАЭБ Сотунун ыйгарым укуктарын күчөтүү керектигин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өтө жай ишке ашырылып жаткан ЕАЭБдин Санариптештирүү күн тартибин кызматташуунун маанилүү аспектиси деп атады. Өндүрүштүк кызматташтыкты санариптештирүү, товарлардын санариптик көзөмөлүн түзүү, электрондук эмгек биржасы, ошондой эле санарип транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан демилгелер дагы деле ишке ашырылбай жатканына көңүл бурду.

Жыйындын соңунда Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн евразиялык интеграциясын мындан ары да тереңдетүүгө багытталган бир катар документтер кабыл алынды:

  1. « 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиялык өнүгүү багыттары жөнүндө» чечим;
  2. 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин ЕЭКтин кадрдык курамын түзүү механизмдеринин тактоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  3. «2020-2021-жылдарга карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө» чечим;
  4. 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин эркин экономикалык аймагында (атайын, өзгөчө) товарларга импорттун кошумча наркына төлөнүүчү салык бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;
  5. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2015-жылдын 8-майындагы № 13 чечимин ишке ашыруу жөнүндө» буйрук (каботаждык жүк ташуу);
  6. «Евразия экономикалык комиссиясынын трансчек аралык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жана жалпы атаандаштык эрежелерди бузуунун алдын алуу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу 2019-жылга карата жылдык отчету жөнүндө» буйрук;
  7. «Табигый монополиялардын субъекттеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча бирдиктүү принциптер жана эрежелер жөнүндө Протоколдун 20-беренесинин 5-пунктуна ылайык мааалымат берүү жөнүндө» буйрук (2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ келишиминин № 20 тиркемеси);
  8. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» буйрук.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйыны бүгүн, 19-майда, видеоконференция режиминде өттү. Кыргыз Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын Президенттери жана Армения Республикасынын Премьер-министри ЖЕЭК мүчөлөрү болуп саналат.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкөнүн башчысы катары Молдова Республикасынын Президенти катышты.

Пикир

Оставить комментарий