• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«ЕАЭБге 5 жыл» – Улуттук банк коллекциялык күмүш тыйын чыгарды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 24-сентябрдан тартып «Тарыхый окуялар» сериясынын «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» коллекциялык күмүш монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

«Тарыхый окуялар» сериясындагы «Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл» коллекциялык монетасы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган. Бул монета ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын эл аралык монета чыгаруу программасынын алкагында чыгарылган», - деп билдиришти Улуттук банктан.

ЕАЭБ расмий эмблемасы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн түстүү ыкмада берилген туулары менен бирге түшүрүлгөн «5» саны монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын сол тарабында мүчө мамлекеттердин улуттук белгилери чагылдырылып, тегерете «Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз» деп жазылган.

Монетанын арткы бетинде биригүүнүн символу катары жер шарынын элеси берилип, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук оюулары жана «5» саны түшүрүлгөн. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган. Жогору жагында «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деп жазылып, оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы (31,10g) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги болуп саналган сомдун графикалык белгиси баш тамга менен асты сызылып берилген (С). Белгинин астындагы сызык улуттук валютанын туруктуулугун билдирет. Монетанын төмөн жагында анын чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Пикир

Оставить комментарий