• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков ЕАЭБге биригүүнүн алкагында КРга жардам берүү жөнүндө РФ менен макулдашууну ратификациялады

Президент 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков "2017-жылдын 29-декабрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы КРнын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) кошулуу процессинин алкагында КРга техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө КРнын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Протокол 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун бир катар беренелерине Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкек жана Ош шаарларындагы Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруулардын алдын алуу департаментинин эки лабораториясын жабдуулар менен жабдуу жана капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Ошондой эле Россия Федерациянын Федералдык бажы кызматынын сунушуна ылайык, протоколго КРда жаныбарларды идентификациялоону техникалык жактан колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө пункт киргизүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий