• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башкы финансы көзөмөлүнүн адистери Бишкекте жолугушуу өткөрүштү

Экономика 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Бишкекте 26-27-сентябрь күндөрү Беларусь, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын улуттук/борбордук банктарынын адистеринин жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун катышуучулары ISO 20022 стандарттарына өтүү жана аны улуттук деңгээлде киргизүү үчүн методологиялык базаны иштеп чыгуу зарылдыгын талкуулашты.

“Сөз болуп жаткан стандартка өтүү – өлкө ичинде жана чет өлкө төлөмдөрүн ишке ашырууда финансы маалыматтары менен алмашуу боюнча бирдейлештирилген моделдердин эсебинен рыноктун катышуучуларына чыгымдарды төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле ISO 20022 базасында ишке ашырылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөргө финансы рыногунун катышуучуларын туташтырууну камсыз кылат”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, ISO 20022 стандартын улуттук деңгээлде киргизүү боюнча иштер Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, финансы рыногунун катышуучуларын жана мамлекеттик органдарды ишке тартууну карайт.

Пикир

Оставить комментарий