• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары “Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы” форумунун ишине катышышты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жана ошондой эле Молдова жана Иран башчылары бүгүн, 1-октябрда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Армениянын Ереван шаарында «Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун жыйынтыктоочу сессиясынын ишине катышышты.

Евразиялык экономикалык комиссиянын Төрагасы Тигран Саркисян талкууланган маселелер жөнүндө айтып берип, Форумдун негизги натыйжаларын чыгарды.

«Евразиялык континенттин транзиттик потенциалы» форумунун жыйынтыктоочу декларациясын Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян окуду.

Мындан тышкары делегациялардын башчылары төрт багыт: анимация, оюндарды иштеп чыгаруу, веб-иштеп чыгуу жана санарип массалык маалымат каражаттары боюнча заманбап технологияларды колдонуу менен IT чөйрөдө иштөөгө окуткан «ТУМО» инновациялык технологиялар борборунун ишмердиги менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий