• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосунда курал-жарактарды алып өтүү жөнүндө макулдашуу түзүлдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.06.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, мыйзам долбоору Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо максатында иштелип чыккан.

“Бул макулдашуу ЕАЭБ алкагында түзүлгөн эл аралык келишим болуп саналат жана мамлекеттик көзөмөл менен байланышкан маселелерди тейлөө, жарандык жана кызматтык куралдардын ички транзит аркылуу жылып жүрүүсү, ошондой эле компетенттүү органдарынын ортосундагы кызматташуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу максатын көздөйт”, - дейт баяндамачы.

Пикир

Оставить комментарий