• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 31.07.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган "Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 28-июнунда кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жана ички транзит боюнча ташуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат. Макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссия менен мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү уруксат кагаздары бирдей форма түрүндө иштелип чыгып жана бекитилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий