• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕБ Чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасы долбоордун жыйынтыктоочу конференциясын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланган Борбордук Азиядагы Чек араларды башкарууга көмөктөшүү программаларынын (BOMCA) тогузунчу этабы, өзүнүн беш жылдык ишмердүүлүгүнүн аякташына арналган иш-чара өткөрдү.

Онлайн режиминде өткөрүлгөн регионалдык башкаруу тобунун жыйыны жана жыйынтыктоочу конференциясы Борбордук Азиядагы улуттук чек араны башкаруу институттарынан, БОМКА Ишке ашыруу Консорциумунан, ЕБ өкүлдөрүнөн, эл аралык уюмдардын жана ЕБге өкүл-мамлекеттердин элчиликтеринин 100дөн ашуун өкүлдөрүн бириктирди.

Жыйынтыктоочу иш-чаранын жүрүшүндө БОМКА Борбор Азия аймагындагы чек араны башкаруу тутумун, миграцияны башкаруу процессин жана сооданы жеңилдетүү чараларын чыңдоо боюнча долбоордун натыйжаларын жана инструменттерин тааныштырды.

БОМКА программасынын Борбордук Азиядагы алгачкы иш-аракеттери 2003-жылы башталган, ошондон бери Программа чек араны интегралдык башкаруу концепциясын колдонуу аркылуу чек ара көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы кызматташтыкты алга жылдырууда, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнө чек ара көзөмөлдөө тажрыйбаларын эл аралык стандарттарга жана Европа Биримдигинин стандарттарына жакындатууга жардам берип келет. Европа Биримдиги БОМКА 2003-2020 мезгилине 40,1 миллион евро бөлүп берген, анын 6,6 миллиону программанын 9-этабын ишке ашырууга бөлүнгөн (2015-2020).

Конференцияны Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Питер Буриан ачты.

Ал региондун өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштерге жогору баа берип, туруктуулукту камсыз кылуу үчүн мындан аркы диалогдун жана өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп: "чек арадагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эффективдүү чек ара башкаруусу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү Борбор Азиянын жана Европа Биримдигинин кызыкчылыктарыны жооп берет" деди.

Латвиянын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Рига техникалык университетинин жана Литва Финансы министрлигинин Бажы департаментинин негизги баяндамачылары БОМКА-9 контекстинде иштелип чыккан потенциалды жогорулатуу аракеттери, ноу-хау менен алмашуу, инновациялар, методологиялар, ошондой эле иштөө жана окутуу куралдары жөнүндө айтып беришти. Борбордук Азиядан келген Тышкы Иштер Министрлигинин, Ички Иштер Министрлигинин, Чек ара, Бажы, Миграция жана Фито-Вето-Санитардык кызматтардын делегаттары, улуттук укук коргоо органдарынын потенциалын жогорулатуу, ченемдик укуктук инструменттерди жогорулатуу, чек араларды көзөмөлдөө процедуралары, тобокелдиктерди башкаруу тутумдары жана башка көптөгөн тармактар боюнча долбоорлордун натыйжаларын колдонуу тажрыйбасы жана ыкмалары менен бөлүшүштү.

Жыйынтыгында, Европа Биримдиги Борбордук Азиянын беш өлкөсү менен ийгиликтүү кызматташууну улантууга, Программанын кийинки Афганистан Ислам Республикасын камтыган 10-этабында даяр экендигин тастыктады. Келечектеги Борбордук Азиядагы жана Афганистандагы Чек араларды башкарууга жардам берүүчү программа, ЕБ менен Борбордук Азия кызматташтыгынын жаңы Стратегиясынын принциптерин, айрыкча коопсуздук маселелерин чечүү үчүн гана эмес, ошондой эле чек аралардагы соода өнүктүрүү үчүн Афганистанга чейин аймактык кызматташуу аракеттерин жайылтуу потенциалын толугу менен эске алат. Бул максатта Европа Биримдиги 2020-2025-жылдар аралыгында 21,75 миллион евро бөлүп берет.

Пикир

Оставить комментарий