• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕБ кыргызстандыктар үчүн Шенген визасын алууну жеңилдетүүгө ниеттенүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Европа биримдиги оор бюрократиялык процесстерди жеңилдетүү максатында жаңы виза кодексин даярдоодо. Бул тууралуу Евробиримдиктин Бобор Азиядагы атайын өкүлү Питер Буриан журналисттер менен жолугушуу маалында билдирди.

Ал Кыргызстандын бир катар мамлекеттерге визасыз тартипти узартышы Евробиримдикке кээ бир милдеттерди жүктөп жатканын белгиледи.

“Визасыз катыштар өтө маанилүү. Сиздердин өлкө бул маселеге ийкемдүүлүк менен мамиле жасаганы бизди кубандырат. Визалык милдеттерди алып салуу биздин туристтер үчүн маңыздуу. Биз да жоопкерчиликти сезип, Кыргызстандын жаш жарандары үчүн Европада саякаттоосун жеңилдетүүнү ойлонуштуруп жатабыз”, - деди Буриан.

Мындан тышкары ал Кыргызстан менен Борбордук Азиянын башка мамлекеттери туристтик дараметин көтөрүү үчүн өздөрүнүн “шенген аймагын” түзүүнү ойлонуштурса болорун айтты.

“Борбор Азия өлкөлөрүнүн туризмдеги дараметин көрүп турабыз. Аны көбөйтүү үчүн аймактык деңгээлде иш жасалышы керек. Биз бирдиктүү аймакты, мисалы визаны бир өлкөдөн алып баардык аймак боюнча саякаттоого мүмкүнчүлүк алгандай чакан борбор-азиялык “шенгенди” түзүү пикирине кубануу менен көз салуудабыз”, - деди ал.

Бул тармактагы экинчи багыт - туристтик инфраструктураны өнүктүрүү керек. Бирок ошол эле учурда андан айлана чөйрөгө терс таасир тийбеши абзел.

“Кыргызстандын эң чоң байлыгы – кооз табияты. Биз бул жагын биздин кызматташуунун бир багыты катары карап, тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз. Учурда “Жибек-Жолунун мурасы” аттуу сынамык долбоорунун үстүнөн иш алып баруудабыз. Ал сынамык иретинде өтүп, аймактагы туризм дараметинин жакындашуусуна жардам кылышы керек”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий