• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕБ лидерлери миграциялык саясат тууралуу макулдашты

Дүйнө 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте качкындарды кабыл алуу боюнча бирдиктүү саясат тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу 29-июнда эртең менен Европалык кеңештин төрагасы Дональд Туск Твиттер аркылуу билдирди.

Буга чейин жыйынтыктоочу документке кол коюудан баш тартып келген Италиянын премьер-министр Жузеппе Конте дээрлик он сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин кол коюуга макул болду. Документке ылайык, ЕБ өлкөлөрү мигранттарды өз ыктыярлары менен кабыл алышы керек. Ошол эле маалда анда аларды биримдикке мүчө мамлекеттерге милдеттүү түрдө бөлүштүрүү каралган эмес.

Миграциялык саясат тармагында реформа жасоону Италия талап кылган. Буга чейинки эрежелер боюнча Евробиримдикке келген мигранттар кайсыл өлкөдө каттоого алынса, алар үчүн ошол өлкө жооптуу болчу. Буга байланыштуу Түштүк Европа өлкөлөрү көп түйшүк тартып келишкен. 11-июнда Италия бийлиги Жер ортолук деңизде куткарылган мигранттарды кабыл алуудан баш тарткан. Римдин бул чечимин Франция менен Испаниянын башчылары сынга алып, Эммануэль Макрон ЕБдеги миграциялык каатчылык саясий маселеге айланганын айткан.

Макулдашууга кол коюлгандан кийин Макрон Европа миграциянын басымында дагы узак убакыт жашай турганын, бирок ЕБ бул чакырыкка каршы туруп, ошол эле маалда европалык баалуулуктардан тайбашы керектигин белгиледи. «Бүгүн Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык жеңди», — деди Макрон.

ЕБ лидерлери Брюсселдеги саммитте миграция маселесинен тышкары Украинанын чыгышындагы абалды талкуулап, андагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жыйынтыктуу аракеттер болбой жаткандыктан, Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн дагы узартышканы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий