• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЕБ мүчө-мамлекеттердин элчилери демократиялуу мамлекет куруудагы КРнын ийгиликтерин белгилешти

Саясат 0

Бишкек, 11.12.19 /Кабар/. 2019-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасы – Европа Бирлиги кызматташтыгы боюнча кеңештин 17-жыйынын өткөрүүнүн алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЕБга мүчө-мамлекеттердин элчилери – ЕБнын Саясат жана коопсуздук маселелери боюнча комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы саясий мекеменин башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын тышкы саясий приоритеттери, сот, укук коргоо, фискалдык жана башка чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан реформалар жана кайра түзүүлөр, өлкөдөгү региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жөнүндө кенен маалымдады.

Өз кезегинде, европалык дипломаттар башкаруунун парламенттик формасы менен демократиялуу мамлекет куруудагы Кыргызстандын ийгиликтерин белгилешти жана КР жетекчилигинин реформаларды алдыга жылдырууда жасап жаткан күч-аракеттерин колдошту.
Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтык, Борбордук Азия мамлекеттеринин региондор аралык кызматташтыгы боюнча маселелер өзүнчө козголду.

Пикир

Оставить комментарий