• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЕБ Орусиянын жалган маалыматтарына каршы күрөшүү планын иштеп чыкты

Дүйнө 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Европа комиссиясы Орусия тараптан жайылтылып жаткан жалган маалыматтарга каршы күрөшүү планын иштеп чыкты. Максаты — кийинки жылы майда Европа парламентине боло турган шайлоо маалында Кремлдин кийлигишүүсүнө жол бербөө.

Евробиримдик жалган маалыматтарды жайылтуу жагынан алганда Орусия эң башкы коркунучтардын бири деп эсептейт. «Сириядагы согушка, Украинада MH17 каттамындагы учактын кыйрашына жана Солсберидеги чабуул маалында химиялык куралдын колдонулушуна байланыштуу жалган маалыматтарды жайылтуу өнөктүктөрү кылдаттык менен документтештирилген. Биздин булар боюнча далилдерибиз күчтүү. Бирок башка өлкөлөр дагы Орусиянын бул ыкмасына тез үйрөнүп, жалган маалымат таратуу стратегиясын уюштурууга өтүштү», — деп жазылган Европа комиссиясынын планында.

Документтин авторлору жалган маалыматтардын жайылышына каршы туруу үчүн аларды аныктоо жана анализдөө боюнча ЕБ институттарын жакшыртууну сунушташууда. Планда ошондой эле биримдиктин тышкы саясат мекемесинин стратегиялык коммуникацияларга багытталган бюджетин эки миллион евродон беш миллион еврого чейин көбөйтүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий