• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕБ: Өзбекстан «туура жолдо баратат»

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.11.18. /Кабар/. Өзбекстанда акыркы эки жыл ичинде адам укуктарынын абалы кыйла жакшырды. Бул тууралуу учурда Европа биримдигинде төрагалык кылып жаткан Австриянын тышкы иштер министри Карин Кнайсль билдирди.

«ЕБди тынчсыздандырган туткундар тизмесиндеги адамдардын көбү боштондукка чыгып жатканын көрүүдөбүз. Азыр менде ал тизмеден чыга элек бир адам тууралуу маалыматтар бар. Келечекте мындай тизмелер жоголуп, эркиндикке чыккан адамдардын бардыгы толугу менен реабилитация болсо абдан пайдалуу болмок», — деди Кнайсль Брюсселде өзбек ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов менен бирге өткөргөн маалымат жыйында. Буга чейин алар ЕБ – Өзбекстан кызматташтык кеңешинин Брюсселдеги жыйынына катышкан.

Кнайсль Евробиримдик өзбек бийлиги жарыялаган «реформалардын дымактуу программаларын» колдоого бардык аракетин көрө турганын айтты. «Биздин байкоолорубуз Өзбекстандын бул тармакта туура жолдо баратканын көрсөтүүдө», — деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Камилов өлкөдө аткарыла турган иштер көп экенин жана бул жаатта өкмөттүн «так стратегиясы» бар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий