ЕБдин саммитинде Брекзит маселеси талкууланат

Дүйнө 0

Бишкек, 17.10.19. /Кабар/. Бүгүн Брюсселде Европа биримдигинин (ЕБ) эки күндүк саммити башталды. Анын күн тартибиндеги негизги маселе — Улуу Британиянын ЕБдин курамынан чыгуусу.

Азырынча Брекзит келишиминин жаңы редакциясы тууралуу Британия менен Евробиримдик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр жыйынтык бере элек.

Сүйлөшүүлөр шаршембиде бир күн бою уланды. Кечке жакын келишимдин тексти негизинен макулдашылганы кабарланган. Айрым кабарчылар өз булактарына таянып, Британия бир катар маселелер, анын ичинде Ирландия чек арасы боюнча эпке келгенин билдиришкен.

19-октябрда британ парламенти Брекзит боюнча макулдашууга жетишүү үчүн Борис Жонсонго берген мөөнөт аяктайт. Эгер ага чейин макулдашуу болбосо, Жонсон Британия ЕБден чыга турган күндү 31-октябрдан кийинкиге жылдырууну өтүнүшү керек болот.

Бүгүн эртең менен Түндүк Ирландиянын Демократиялык-юниондук партиясы келишимдин болжолдуу редакциясы аларга жакпаганын билдирди. Алар макулдук бербесе, Жонсон Брекзит тууралуу келишимди парламенттен өткөрө албай калышы мүмкүн. Учурда сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Британ парламенти ЕБ саммитинин жыйынтыктарын 19-октябрда талкуулоого ниеттенүүдө. Лейбористтер эгер Жонсон Брекзит макулдашуусун алып келсе, аны референдум аркылуу кабыл алуу тууралуу өзгөртүүлөрдү сунуштай тургандыктарын билдиришти.

Буга чейин премьер-министр кандай болсо да Британия 31-октябрга чейин ЕБдин курамынан чыгарын бир нече жолу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий