• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЕБнын атайын өкүлү Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктап, КРга келип кете тургандыгын билдирди

Саясат 0

Бишкек, 19.01.21. /Кабар/. Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады, - деп билдирет Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы.

“Европа Бирлигинин (ЕБ) атынан өлкөдөгү оор кырдаалда Сиздин президенттик кызматыңызга ийгиликтерди каалайм. ЕБ жакында эле түзүлгөн Өнөктөштүктү жана кызматташууну кеңейтүү жөнүндө макулдашуу принциптерине ылайык, Сиздин реформаларды ишке ашырууңуз жана өлкөңүздүн туруктуулугун бекемдөө жана өсүп-өнүгүүсү үчүн Сизге жана сиздердин өкмөткө көмөк көрсөтүүдө эки тараптуу дагы, аймактык дагы деңгээлде иштешүүнү улантууга даяр.

ЕБ биздин гүлдөп-өнүгүүбүздүн жана туруктуулугубуздун бекем тиреги экендигин далилдеген туруктуу өнүгүүнүн негизги элементтери катары демократияга, ачык бийликке жана жигердүү жарандык коомго терең ишенет. Сиздердин өлкө дуушар болуп жаткан эбегейсиз кыйынчылыктарды жакшы түшүнөбүз жана мыкты тажрыйбаларды жана билимди бөлүшүп, жардам берүүнү уланта беребиз. Ушул жылдын аягында Бишкекте пландаштырылган ЕБ-БА Экономикалык форуму, негизинен, Борбор Азиядагы экологиялык жана туруктуу калыбына келтирүү жана өнүгүүнү илгерилетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот. Эки тараптуу кызматташуубузду чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары талкуулоо үчүн жакынкы арада сиздердин өлкөгө келип кетем деп үмүттөнөм», - деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий