• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЕБнын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан инаугурацияга катышуу үчүн Бишкекке келди

Саясат 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан бүгүн Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Буриан эртең, 28-январда кыргыз тарабынын чакыруусу менен жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземине катышат.

Андан тышкары, ЕБнын расмий өкүлү жаңы шайланган президент Садыр Жапаров, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Равшан Сабиров, КР тышкы иштер министринин м.а. Руслан Казакбаевдер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашмакчы.

Ошондой эле 2021-жылдын аягында Бишкекте пландаштырылган ЕБ-БА экономикалык форумун уюштуруу маселелери талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий