• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЕБнын Кыргызстандагы элчиси Оштогу чет элдик долбоорлордун аткарылышы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 28.11.22. /Кабар/. Кыргызстандагы Евробиримдик өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон Ош шаарындагы чет элдик долбоорлордун аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда “Ош шаарынын таза жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында, Ош шаарынын саркынды сууларды тазалоочу станциясында аткарылган жумуштар менен таанышты.

Элчи Мэрилин Йосефсон Евробиримдик тарабынан кайтарымсыз грант түрүндө берилген акча каражаты максаттуу пайдаланылгандыгын белгиледи.

Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев да бул долбоорлорду каржылап жаткан Европа Биримдигине ыраазычылыгын билдирип, долбоордун үчүнчү фазасын каржылап берүү тууралуу маселе көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий