• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок". Президенттин басма сөз катчысы жалган маалыматтарды таратпоого чакырды

Коом 0

Бишкк, 06.03.22. /Кабар/. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

"Урматтуу кыргызстандыктар жана ММКнын өкүлдөрү!

Сиздерден сураныч. Дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. "Интернеттен алдык" деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса "сөз эркиндигин ооздуктап жатат" деп айтып чыгасыздар.

Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар", - деп билдирди Эрбол Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий