• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Эч ким ЖМКнын ишмердүүлүгүн чектебейт – Садыр Жапаров

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /абар/. Эч ким жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектебейт. Бул тууралуу президенттик шайлоодо алдыга озуп чыккан талапкер Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Ал өз сөзүндө журналисттер калкка так жана ишенимдүү маалыматтарды жеткирип, сөздөрдү контексттен алып салбоо керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү. Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча Садыр Жапаров 79,25% добуш менен сап башында келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий