• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Эдельвейс” тоо куткаруучулары 4170 метр бийиктикте машыгуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эдельвейс” тоо куткаруучулары деңиз деңгээлинен 4 миң 170 метр бийиктикте турган “Комсомол” чокусуна чыгышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, жүрүш куткаруучулардын тоодогу катаал шартка, абанын басымына туруштук берүүсүн, кооптуу аска бетиндеги жерлерден куткаруу ишин жүргүзүүдөгү техникалык жөндөмдүүлүктөрүн, ыкмаларын өздөштүрүү максатында уюштурулган. Ал эми чокуну багындырган куткаруучулар үчүн атайын альпинисттик баскычын алуу каралган.

Куткаруучулардын тажрыйбасын жана мүмкүнчүлүк дараметин жогорулатууга багытталган жүрүшкө алгач “Эдельвейс” тоо куткаруучулары чыгышса, эртең “Инсараг” жер титирөөдө куткаруу ишин жүргүзгөн куткаруучулар барышат.

Кошуундун курамында куткаруучулардын ден соолугунун абалын карап туруу үчүн фельдшер жана тоо шартында жүрүүнү үйрөтүүчү адистер бар. Ошондой эле бардыгы атайын даярдыктан өтүп, кургак азык, кийим, дары-дармек жана шаймандар менен камсыздалган.

Буга чейин маалым болгондой, өлкөдө тоо туризмин өнүктүрүүдө жана кырсык катталган учурда ыкчам, сапаттуу куткаруу ишин жүргүзүү максатында ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун алдында эл аралык талаптарга жооп бере турган “Эдельвейс” тоо куткаруучулар жана “Инсараг” жер титирөөдө куткаруу ишин жүргүзгөн кошуундар түзүлгөн.

Алар атайын планга ылайык, машыгуудан өтүшүп, куткаруу жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатып келишет. Жакынкы күндөрү эле кыргыз куткаруучулары Түркияга барып, зилзала болгон аймактарда издөө-куткаруу ишин жогорку деңгээлде жүргүзүп келишти.

Пикир

Оставить комментарий