• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Эделвейс” командасы баскетбол боюнча Жеңиш кубогунун жеңүүчүсү аталды

Спорт 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгына арналган жан баскетболчулар арасында Жеңиш кубогу үчүн эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чара 21-23-май күндөрү болду.

Мелдешке Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан жалпы 8 команда ат салышты.

Турнирдин жыйынтыгында Чүй облусунан келген “Эделвейс” командасы Жеңиш кубогунун жеңүүчүсү аталды. Экинчи орунду бишкектик “Гиннес”, үчүнчү орунду Ташкент шаарынан келген “СК МО РУ” командасы ээледи.

Пикир

Оставить комментарий