• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Эден Азар: Роналдудан кийин 7-номер менен ойноо жеңил эмес

Спорт 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Мадриддик "Реал" клубунун жарым коргоочусу Эден Азар оюн талаасына 7-номерде чыккандагы сезимин айтып бергенин Sports.ru басылмасы жазды.

"Реалдын" оюнчусу 7-номердин өзүнчө тарыхы бар экенин айтат.

Роналдудан кийин 7-номер менен ойноо жеңил эмес, анткени анын өзүнчө тарыхы бар. Ал эми "Реал" клубу бардык мелдештерди жеңүү үчүн колдон келген аракетин жасайт. Чемпиондор лигасын жеңүү маанилүү, мен аны утуш үчүн келгем", - деп Азардын сөзүн Realmadrid TV билдирет.

Ошондой эле бельгиялык оюнчу дүйнөдөгү эң мыкты клубдун катарында экенин жана жеңишке жетиш үчүн болгон күчүн жумшаарын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий