• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эдил Байсалов: Адам капиталына инвестициялоо көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет

Өкмөт 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук квалификациялык кенештин биринчи жыйынына катышты.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов адам ресурстарын өнүктүрүү жаатындагы негизги милдетти белгиледи.

«Бүгүнкү күндө өлкө алдында атамекендик адистердин атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча актуалдуу жалпы улуттук милдет турат. Адам капиталына инвестициялоонун өзү көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул максатта кесиптик билим берүүнү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү жаатындагы натыйжалуу саясаттын ыкмаларын колдонуу зарыл. Биз кыргызстандыктардын эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болушу үчүн адистердин квалификациясын жогорулатууга шарт түзүүбүз керек», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Иш- чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү деңгээлин жогорулатууга жетишүүнүн маанилүү экономикалык куралы катары Улуттук квалификациялык тутумун түзүү каралууда.

Белгилесек, Улуттук квалификациялык кеңеш министрлер кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы №78 токтомуна ылайык түзүлгөн.

Кеңештин негизги милдети катары мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жергиликтүү жамааттардын улуттук квалификациялык тутумду өнүктүрүүнү пландаштыруу, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча ишин координациялоо саналат.

Кеңештин төрагасы катары министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блок боюнча орун басары эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий