• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Эдил Байсалов АКШ Мамкатчысынын орун басары Узра Зея менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов АКШ Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары маселеси боюнча орун басары Узра Зея жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, пикир алышууда эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан жарандардын бакубаттуулугун, ички саясий абалды жакшыртуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар, адам укугу жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде Мамлекеттик катчынын орун басары Узра Зея АКШнын Кыргыз Республикасы менен өз ара мамилелерди чыңдоого болгон умтулуусун белгиледи. Ал кызматташуу жөнүндө жаңы келишимге кол коюуга даярдыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы демократиялык укуктар маселеси боюнча өз ара мамилелердин жаңы баракчасын ачты.

Эдил Байсалов биздин өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерди, адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин, мыйзам үстөмдүгүн жактай тургандыгын белгилеп, ошондой эле өлкө жетекчилигинин АКШ менен кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий