• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эдил Байсалов БУУнун КРдагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы министрлер кабинети жана БУУнун ортосунда кол коюлган 2023-2027-жылдарга Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуунун алкактык программасын ишке ашыруунун жүрүшү маселесин талкуулашты.

«Биз 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарын жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарын эске алуу менен бул алкактык программаны натыйжалуу ишке ашырууга умтулабыз. Адамдын потенциалын өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшү, жашыл социалдык-экономикалык өнүгүү сыяктуу приоритеттүү багыттарга өзгөчө көңүл буруу маанилүү», - деди Эдил Байсалов.

БУУнун КРдагы туруктуу координатору Антье Граве өз кезегинде Кыргыз Республикасынын улуттук максаттарына жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар учурдагы макулдашууларды ишке ашырууда жана 2023-2027-жылдарга алкактык макулдашуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча иш алып барууда мамлекеттик органдар менен БУУ органдарынын ортосундагы өнөктөштүктү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоого умтуларын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий