• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эдил Байсалов Чүйдөгү фармацевтикалык заводдун иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-январда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Чүй облусунда жайгашкан “Биовит” фармацевтикалык заводуна барды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Байсалов менен Баатырова өндүрүш цехтерин, эл аралык аккредитациядан өткөн лабораторияны, курулуп жаткан жаңы заводду жана дары-дармек сактоочу кампаны көрүп чыгышты.

Алар ошондой эле таблетка жана капсула түрүндөгү генерикалык дары-дармектерди чыгаруучу цехтин иши менен таанышып, таблеткаларды, капсулаларды, порошокторду даярдоо кандай жүргүзүлүп жаткандыгын көрүштү.

Андан соң, делегация ISO 17025 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык аккредитацияланган заманбап дары-дармек каражаттарынын сапатын көзөмөлдөө лабораториясына барып, стерилдүү дарыларды - ири көлөмдөгү парентералдык эритмелерди, көзгө тамчылатмаларды чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштүк комплекстин курулушу менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов “Биовит” ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү жана дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүү боюнча пландарын бекитти.

Заводдун башкы директорунун орун басарынын айтымында, рыноктун талабына ылайык, генерикалык дарыларды чыгаруунун эсебинен "Биовит" продукциясынын ассортиментиндеги дары-дармектердин үлүшү тынымсыз өсүп жатат. Ошондой эле завод дары-дармекти Россия, Украина, Германия, Чехия сыяктуу өлкөлөргө экспорттойт.

Пикир

Оставить комментарий