• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эдил Байсалов ден соолук үчүн салык салуу жөнүндө тармактар аралык кеңешмени ачты

Өкмөт 0

Бишкек, 17.05.22./ Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ден соолук үчүн салык салуу потенциалын жогорулатуу боюнча семинарга катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстанда өлүмдүн негизги себептери болуп жугуштуу эмес оорулардын катарына кирген жүрөктүн ишемиялык оорусу, инсульт, цирроз жана өпкө оорулары экендиги айтылды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, бул дарт тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин жана тузду колдонуу, кыймылсыздык, ашыкча салмак жана семирүү, туура эмес тамактануу менен шартталган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда алкоголдук ичимдиктер менен тамекилердин баасы эң төмөн экенин белгиледи.

«Бир бөтөлкө арак бир бөтөлкө кока-коладан арзан болушу мүмкүн эмес. Бул калктын саламаттыгынын начарлашына гана алып келбестен, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу тоскоол болуп жатат», - деп баса белгилеген Эдил Байсалов, бул маселеге болгон кызыгуу өз убагында жана мамлекеттик социалдык саясатка жооп берип жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде ДСУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова жугуштуу эмес оорулардын жайылышын алдын алуу чараларынын комплексинин экономикалык пайдасы, узак мөөнөттүү келечекте аларды ишке ашырууга кеткен чыгымдардан бир нече эсе жогору.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун болжолдоолору боюнча, алкоголдук ичимдиктер менен тамеки буюмдарынын баасынын 15%га өсүшү аларды керектөөнүн көлөмүн 22%га кыскартып, кошумча 52 млн доллар акциздик салыктын түшүүсүн шарттайт.

Ошондуктан, адамдын ден соолугунун кызыкчылыгында салык салуу жугуштуу эмес ооруларды азайтуунун эффективдүү чарасы гана эмес, экономикалык жактан да үнөмдүү боло алат.

Белгилей кетсек, семинар эки күн бою өтүп, анын жыйынтыгында ден соолук үчүн салык салуу тармагындагы потенциалды жогорулатуу боюнча теориялык жана практикалык сунуштар иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий