• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун башкы директору Антонио Виторино менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 08.04.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына (Швейцария Конфедерациясы) жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык миграция уюмунун башкы директору Антонио Виторино менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Эл аралык миграция уюмунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин, анын ичинде эл аралык миграциялык саясат чөйрөсүнө, эмгек миграциясына жана адам сатууга каршы күрөшкө тиешелүү маселелерди талкуулашты.

Министрлер Кабинетинин орун басары Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек миграциясынын географиясын кеңейтүү маселесине токтолду. Атап айтканда, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эмгек миграциясынын жаңы багыттарын илгерилетүү маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Эл аралык миграция уюмунун башкы директору тараптардын эки тараптуу кызматташуу деңгээлине оң баасын берип, миграциялык саясатты өнүктүрүүчү демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий