• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эдил Байсалов «Human Rights Watch» өкүлү Хью Уильямсон менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Human Rights Watch» Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Эдил Байсалов белгилегендей, Кыргызстан демократиялык өнүгүүнү, Конституцияга ылайык адам укуктарын сактоону жана коргоону, ошондой эле адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди аткарууну жактайт.

Анын айтымында, республика Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин курамына үчүнчү жолу шайланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана адам укуктары жаатындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий