• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эдил Байсалов JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын университеттеринде окутуу үчүн тандалып алынган JDS долбоорунун стипендиаттары менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эдил Байсалов JDS долбоорунун 15-тобунун стипендиаттарын ЖОЖго өткөндүгү менен куттуктап, алардын билим алуусу мамлекет үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ экендигин белгиледи.

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жаш адистери JDS долбоорунун стипендиясын утуп алып, Япониянын алдыңкы университеттеринде билим алышат. Мамлекет башчысы, министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык кызматта кесипкөй күчтүү кадрлар иштешине өзгөчө маани берет. Анткени мамлекеттик кызматкерлер жаңы саясий тутумду ишке ашырышат. Мамлекеттик кызматкерлерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн, аны эл алдында актоо керек», - деди ал жана стипендиаттардын окуусуна ийгиликтерди каалады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Япония Өкмөтүнө эки өлкө ортосундагы достук көпүрөсү катары кызмат кылган JDS долбоорунун алкагындагы кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди, долбоор иштеген учурда Япониянын университеттеринде 200 ашуун мамлекеттик кызматкер билим алган.

Ошондой эле жолугушууда Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигэки жана Кыргыз Республикасындагы JICA Туруктуу өкүлү Немото Наоюки сөз сүйлөдү. Алар стипендиаттардын окуусундагы ийгиликтерди каалап, алардын алган билими келечекте Кыргызстан элине пайда алып келээрине ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий