• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Эдил Байсалов: Карантин киргизүүнүн жана ПЧР-тест жасоонун зарылдыгы жок

COVID - 19 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. ПЧР-тест жасалбайт, ал эми мектептер коронавирус инфекциясынын бир нече учуру аныкталган шартта жабылбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Төраганын орун басарынын айтымында, локдаун киргизүү натыйжа бербейт.

“Бүгүнкү күндө коронавирустун “омикрон” штаммы бүт Кыргызстан боюнча тарады. Биз бир нече алгоритмдерди өзгөрттүк. Адистер ПЧР-тест жасоо зарылдыгы жок деп айтышууда. Чет өлкөлөрдө ушул тажрыйбаны колдонуп жатышат. Эгерде адам ооруп калса, дене табы көтөрүлсө, аны ПЧР-тести жок эле коронавирус деп эсептөө керек. Ушул жумада Республикалык штабда мурдагы алгоритмдер өзгөртүлөт. Биз саясий чечим кабыл алдык”, — деди ал.

Эдил Байсалов өз кезегинде курч мүнөздөгү респиратордук инфекциялардын, сасык тумоо жана COVID-19дун белгиси билингендердин бардыгын обочолонууга жана дарыланууну баштоого чакырды.

“Биз бардык жарандарды оорунун белгилери байкала баштаганда ПЧР-тест тапшырбай, обочолонууга чакырабыз” - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий